• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңештин жыйыны

31 Жалган куран 2021 12:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. 2021-жылдын апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө;

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шералы Итибаевич Абдылдаевдин ант берүүсү;

3. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 19.09.19дагы № 492 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

4. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 22.11.18деги № 543 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

5. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 17.02.20дагы № 84 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

6. “Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иштер жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Алтыбаева А.Т., Осмонова А.Ш., Карашев А.А., Аскарова А.А., Мамашова А.Т., Мавлянова М.Э., Строкова Е.Г., Никитенко Н.В., Орозова К.Б., Алимбеков Н.К., Каримов Н.Т., Момбеков Р.Ч.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

7. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга карата Президенттин каршы пикири (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Бакиров М.И., Жээнбеков А.Ш., Айнакулов М.А., Акматов А.Ж., Жапаров А.Ү., Туманбаева Р.М., Бокоев К.С., Токтошев Э.Т.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет).

Количество просмотров: 51