• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңештин жыйыны

27 Тогуздун айы 2021 10:22 Бишкек Govori.TV

27-октябрда саат 10:00дө парламент имаратынын Жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтөт.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 17.02.21деги № 48 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);

2. “Ички чарбалык ирригациялык тутумдарды башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Торобаев Б.Э., Абдалиев М.А., Мурашев Н.М.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет караган);

3. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Маматалиев М.А., Жоробеков Т.У.) (Бюджет жана финансы боюнча комитет караган);

4. “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. №6-13459/21) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет караган);

5. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Ибраев С.К., Турусбеков Б.С., Иманалиев К.К., Асылбаева Г.К., Омуркулов И.Ш., Икрамов Т.И., Атазов Ш.К., Орозова К.Б., Акаев Ж.К., Строкова Е.Г., Джураев С.М., Жолдошбаев К., Токтомамбетов А.Ж., Мурашев Н.М., Бакиров М.С., Тагаев Э.С., Ормонов У.З., Бешимбаева А.К., Айдаров Н.А., Тиллаев Т.Г., Шарапов З.Э., Бердиев А.Т., Кулбараков А.И., Садиков У.Ч., Исмаилов У.Ч., Исманов С.Ж., Арзыбаев Н.И., Кемелов А.К. Абдылдаев Ш.И., Осмонов А.Ж., Нышанов С.К.,Туманбаева Р.М., Молдалиев С.У., Самаев У.О., Алтыбаева А.Т., Дюшалиев А.К., Тотонов Н.Т., Каримов Н.Т., Маматалиев М.А., Бакиров О.М., Эгембердиев М.Б., Тулендыбаев П.Р., Осмонова А.Ш., Алыбаев О.А., Рыспаев К.Дж., Жоробеков Т.У., Байбакпаев Э.Дж., Жунус уулу Адыл, Айнакулов М.А., Койчуманов М.Н., Нурдинов Б., Аманова Б.К., Торокулов Д.Г., Исаева Д.Ш., Турусунбаев А.А., Урумкалиева Ч.Ч., Маннанов И.А., Молдобекова Г.С., Кодуранова А.С., Юсуров А.Л.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт);

6. “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 03.05.21деги № 180 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);

7. “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Касымалиева А.К., Орозова К.Б.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);

8. “2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү тууралуу жана “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы №3966-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган).

Количество просмотров: 91