• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңештин жыйыны

2 Кулжа 2022 10:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңешинин кезектеги отуруму өтүп жатат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер;

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер казынасы жөнүндө”, “Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Маматалиев М.А., Ормонов У.З., Шакиев Н.Т., Кадырбеков Н.К., Акаев Ж.К., Талиева К.А., Түмөнбаев А.Т., Сулайманов К.К., Турсунбаев А.А., Токторбаев Ж.Ш.) (Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет);

3. “2022-жылдын 14-январында Бишкек шаарында жана 2022-жылдын 18-январында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мектептерди куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 12.04.22деги кир № 6-6534/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

4. “Кыргызстан — жашыл экономика өлкөсү” концепциясын бекитүү жана жашыл экономика принциптерин Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет);

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Санариптик өнүктүрүү министрлигине стратегиялык объекттердин өткөрүп берүүсүнүн мыйзамдуулугу, Билим берүү жана илим министрлигинин тармакты реформалоо пландары, Айыл чарба министрлигинин табигый кырсыктардан улам жабыр тарткан дыйкандарга көмөк көрсөтүүсү багытындагы иш-аракеттери жөнүндө маалыматы (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет; Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет; Социалдык саясат боюнча комитет; Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет).

Количество просмотров: 81