• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Түз эфир: Журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иши боюнча ИИМ маалымат берет

21 Чын куран 2022 16:19 Бишкек Govori.TV

Буга чейин Тemirov LIVE каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров ага карата 3 кылмыш иши тергелип жатканын айткан. Темиров 20-апрелде шаардык милицияга сурак берип чыккан жана бүгүн да чакыртылганы кабарланган.

Ал эми Бишкек шаардык милициясы журналисттин иштери тууралуу маалымат таратып, Темировго карата Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документти жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча кылмыш иштери козголгонун билдирген.

Эске салсак, быйыл жыл башында Ички иштер министрлиги Болот Темировго жана анын Тemirov LIVE компаниясында иштеген төкмө акын Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси («Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү») менен кылмыш ишин козгоп кармап, тил кат менен бошотулушкан.

Количество просмотров: 81