• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кочкор-Атада ата-баланы сабаган милиция кызматкерлери жазага тартылып, жетекчилер кызматтан алынды

2 Чын куран 2024 6:32 Бишкек Govori.TV

Кочкор-Атадагы окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп, жыйынтыгында министрликтин буйругу чыккан. Анын негизинде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Абитов жана анын орун басары Ильяс Касымбаев кызматтан алынды, жана облустук милициянын дагы 13 жетекчи кызматкерине тартиптик жаза берилген.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын 1-апрелдеги билдирүүсүндө, мындай чечим аталган кызматкерлер «укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын талаптарын бузуп, кол алдындагылар арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү, бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракет көрбөгөнү» белгиленген.

Ошондой эле «шектүү же айыпкер катары аныктала элек жарандарды коомдук жайда эскертүүсүз күч колдонуп кармап жатканы тууралуу видеолор милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтиргени» жазылган.

27-мартта милициянын атайын бөлүгүнүн 4-5 беткапчан, куралчан кызматкерлери бир кишини жерге жаткырып алып кармап жатканы тартылган видео интернетке тараган. Кармалган адамдын баласы атасына болушуп, аларды тээп жиберген. Атайын бөлүктүн өкүлдөрү ата-баланы башка-көзгө койгулап, колдорун кайрып машинеге салып кеткен.

Количество просмотров: 562