• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ош шаар башчысы Таалайбек Сарыбашев  “Келечек” менен таанышты…

1 Баш оона 2018 18:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.08.2018. Govori.TV

Бүгүн, 1-августта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев эт азыктарын жана жемиштерди кайра иштеп чыгаруучу “Келечек” акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышып, комбинатта жүрүп жаткан реконструкциялоо иштеринен кабар алды. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Ал белгилегендей, учурда комбинатта ЕАЭБдин стандарттарын эске алуу менен техникалык базасын жакшыртуу иштери кызуу жүрүп жатыптыр. “Атайын долбоор иштелип чыгып, өкмөткө жөнөтүлүп, насыяга каражат берилген. Бир айдын ичинде касапкана ишке берилип, андан соң 30дан 50 тоннага чейин эт азыктары иштетилип, колбаса, эт консервалары жасалып чыга тургандыгын кошумчалады. Малдарда талаптагыдай (адал)союлуп, санитардык абалы сакталат. Ал эми 2012-жылдан тарта аталган заводдон жер жемиштердин, мөмө жемиштердин консервалары даярдалып, шербет жана вареньялар (консервация) жасалып, азыркы тапта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ошондой эле, акционердин жетекчилиги жылына 5 миң тонналык мөмө жана жер жемиш сактоочу логистикалык борборду ачуу үчүн инвестициялык долбоор даярдалгандыгын кошумчалап, анын суммасы 100 миң долларлык экендигин “Келечек” акционердик коомунун президенти Мадамин Эргешов баяндады”,-деп билдирет маалымат катчы.

Эске сала кетсек, буга чейин Ош шаарындагы көпчүлүк мал соючу жайлар талапка жооп бербегендиктен жабылган эле.

 

Количество просмотров: 3