• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

«Таапсыңар кылмышты». Байсалов «Темиров Live» чыгарган иликтөө тууралуу пикирин билдирди

20 Чын куран 2022 12:19 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттердеги баракчасына билдирүү жазып, Temirov Live телеканалынын журналисттери Камчыбек Ташиевдин уулунун бизнесин иликтөөдө фактыларды бурмалап жатышат деп эсептейт.

«Эмне деген манипуляциянын күчү! «Тендерлерди Ташиевдин баласы ута баштады» деп катуу тема жазып койсо эле бүт баарын чуу салып баштады. Ташиевдердин 25 жылдан бери бензин менен бизнес белгилүү да?! Бул тууралуу баары билет! Кылмышты таапсыңар: жалпы кирешеси 300 доллар болгон үч майда тендер!», — деп жазат ал.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу «Темиров Live» агенттигинин иликтөөсүндө айтылган.

Количество просмотров: 207