• Дүйшөмбү 11 Бештин айы 2023
  • Понедельник 11 Декабрь 2023

«Табалагым келбейт». Абактагы Мадумаровдун катына Байсалов жооп берди

9 ноября 2023 в 10:15 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу камактагы саясатчы Адахан Мадумаровго жооп кайтарды. 

Ал саясатчынын пикирин четке кагып, төмөндөгүлөрдү билдирген.

«Адахан Кимсанбаевич, биз сизди сыйлайбыз, сиз албетте биздин жаңы тарыхта, мамлекеттүүлүгүбүздө зор салымы бар инсансыз. Азыр башыңызга иш түшүп турат. Андыктан мен табалагым келбейт. Бирок, кечээ жакындагы сөзүңүзгө убагында жооп берип койбосом, сөз кезеги келгенде айтпаса, сөз атасы өлөт дейт кыргыз. Сиз дайыма шайлоо кампанияларына катышып, элибизге “сатыласыңар”, “саткынсыңар” деген ачуу сөздөрдү айтып келдиңиз. Бул жолу да “эл өзгөрбөптүр” деп дагы деле элди күнөөлөп жатасыз. Кыргызда “калк айтса, калп айтпайт” деген сөз бар. Ар бир тарыхтын өз эрежелери, моменттери болот. Азыркы тарыхый моментте элдин ишеними сизге берилген жок. Ал 2021-жылы калк таразасына турганда так аныкталды. Андан кийин азыркы бийлик өткөргөн таза шайлоодо сиздин партияңыз өтүп келди, муруңкуларында «за бортом» калтырып коюшчу эмес беле. Жогорку Кеңештеги эң тажрыйбалуу депутат катары, мамлекеттүүлүгүбүз үчүн жооптуу позицияны кармоонун ордуна, бир канча маселеге келгенде тарыхый, мамлекеттик жоопкерчиликти сезбей, элди удургуткан позицияны кармап туруп алдыңыз. Өзгөчө Кемпир-Абад боюнча билип-көрүп, түшүнүп турсаңыз да элди удургутканга аракет кылганыңыз так эле көрүнүп турду»,-деп жазган ал.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги оппозициячыл «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров өлкөдөгү соңку камоолорду 1938-жылдагы репрессияга салыштырып, абактан кат жолдогон.

Количество просмотров: 699

Кайсы министр жакшы иштеди?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда