«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.
Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.
Алардын бири Тахмина Тюлебаева жарандарга эмгек кодекси боюнча консультация берип укуктарын коргоп алуусуна жардам берип келет.
Айымыбыз бул тренингге көптөгөн тоскоолдуктарга карабастан, аларды жеңип келгенин айтып берди.
«Мен башка көптөгөн семинарларга катышып келем, бирок бул форматтагы окууга алгачкы ирет катышып жатат. Бул жакта ар тармактан келген мыкты айымдар бар экен, ошонусу менен өзгөчө болду», — дейт ал.