7-апрель көчөсүндө жөө жүргүнчү жолдон өтүп бара жатып, тайгаланып унаанын астына кирип кетти. Бул тууралуу күбөлөр интернет булактарына жарыялады.
Милициянын Кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиргендей, бактыга жараша жөө жүргүнчү жаракат алган эмес.
“Кырсык 13-февралда саат 12:30 чамасында болгон. Анда жөө жүргүнчү тайгаланып кетип, Тойота үлгүсүндөгү унаанын астына кирип кеткен. Окуя болгон жерге «Тез жардам» келген бирок жөө жүргүнчү абалы жакшы экенин айтып, жардам алган эмес”,-деп айтылат маалыматта.