• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Тайырбек Сарпашев Финполго суракка чакыртылды

30 Жетинин айы 202011:33 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын мурунку вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Финансы полициясына суракка чакыртылды. Бул тууралуу «Говори.ТВга» өздүк булактар кабарлады.

Маалым болгондой, Сарпашев бүгүн саат 17:00гө суракка келүүсү керек.

Эске салсак, Буга чейин Финпол мурунку вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү башталганын кабарлаган.

Маалыматка ылайык, ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн, жакын туугандарына каттаган.

Количество просмотров: 87