• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тайырбек Сарпашевдин кайрадан кармалышынын себеби айтылды

15 Тогуздун айы 2021 17:22 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сарпашев түзүлгөн кызматташуу келишими боюнча алынган милдеттенмелерди аткарбагандыгына байланыштуу ал сотко чейинки өндүрүш иши аяктаганга чейин камакта болот.

“Буга чейин Сарпашев менен кызматташуу келишими түзүлгөнүнө байланыштуу анын баш коргоо чарасы камакка алуудан сыртка чыкпоо боюнча тил катка өзгөртүлгөн”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Тайырбек Сарпашев “Кумтөр” иши боюнча 18-июнда кармалган.

Количество просмотров: 871