• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Такси кызматына дем алыш күндөрү иштөөгө уруксат берилди

2 Теке 2020 16:14 Бишкек Govori.TV

Такси кызматына дем алыш күндөрү иштөөгө уруксат берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Дем алыш күндөрү коомдук транспортту чектөө жөнүндө» токтомго өзгөртүүлөрдү борбор калаанын вице-мэри, Эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын төрагасы Татьяна Кузнецова киргизген.

Мэрия айдоочуларга ооруп же оорунун белгилери байкалса каттамга чыкпоону, дайыма бет кап тагынып, антисептиктерди колдонууга чакырды. Ошондой эле унаанын ичин таза кармап, желдетүү талаптары коюлду. Ал эми жүргүнчүлөр дагы санитардык нормаларды сактоосу тийиш.

Эске салсак, буга чейин мэр Азиз Суракматов коомдук транспорттор (троллейбус, автобус, кичи автобус, такси кызматы) иш күндөрү саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана 17:00дөн 21:00гө чейин каттарын, ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү иштебей турганын маалымдаган болчу.

Количество просмотров: 94