• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Таксист Чынгыз Анарбек уулу 10 күндөн кийин боштондукка чыгат

8 Бирдин айы 2019 16:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.02.2019. Govori.TV.

Москвада 2018-жылы Дүйнө чемпионатынын убагында футбол фанаттарын сүзүп кеткен Кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулун боштондукка чыгарышты. Бул тууралуу «Замандаш» саясий партиясынын маалымат кызматы билдирди.

https://www.facebook.com/100013236692540/posts/625492234568661/


«Кыргызстандыктардын мага берген жардамынын жана кудайдан тиленүүсүнүн арты менен, бүгүн Смоленск облустук соту мени актады. Бошогондон кийин 10 күн бул жерде болушум керек экен, башкача айтканда бирдин айынын он тогузунда боштондукка чыгам», — деп комментарий берди Анарбек уулу.

Эске салсак, 2018-жылдын август айында Москванын Тверь соту Чыңгыз Анарбек уулун 1,5 жылга эркинен ажыраткан жана үч жылга чейин транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыраган.

Количество просмотров: 8