• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Талант Мамытов, ЖК депутаты: “Восток-геолдобыча” милдеттемесин аткарбай жатат…”

12 Чын куран 2018 10:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.04.2018. Govori.TV

“Бүгүнкү күндө Таластагы “Жерүй” алтын кенин маселеси олуттуу болуп отурат. Инвесторлорго чара көрүп, кендин тагдырын чечпесек болбойт”. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында депутат Талант Мамытов айтты. Анын пикири боюнча, аталган кенди иштетүү укугун алган Орусиялык компания милдеттемесин аткарбай, кен иштебей экономикага салым кошпой токтоп турат.

“Орусиялык компания делген “Восток-геолдобычанын” ишин алып барат делген  “Альянс Алтын” компаниясы 3 айдын ичинде ал жерге алтынды ылгоочу фабриканы куруп бүтүшү керек эле. Келишимде, эгер бул мөөнөттө иш аткарылбаса, ай сайын жергиликтүү бюджетке 100 000 сомдон айып төлөө милдеттендирилген экен. Бирок, ал жерде азыр фабрика эмес анын фундаменти да жок. Айып да төлөбөй келгени айтылууда. Бул боюнча комитеттен тапшырма берип, укуктук баа беришибиз керек. Убагында, эки-үч адамдын кызыкчылыгы менен Кумтөрдөн айрылганбыз…”,-деди эл өкүлү.

Эске сала кетсек, Орусиялык олигарх Муса Бажаевге караштуу “Русская Платина” деген компаниялар тобунун бири иштетүү укугун 4 жыл мурун конкурста жеңип алган эле.

Количество просмотров: 34