• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мадумаров: Ботторду токтоткула, акча берип аларды кармап турган фабрикаңарды жапкыла!

15 Жетинин айы 2022 12:39 Бишкек Govori.TV

«Ботторду токтоткула, акча берип аларды кармап турган фабрикаңарды жапкыла!». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров бүгүн, 15-ноябрда «Сөз эркиндиги жана пикир билдирүү эркиндиги: мыйзам түрүндөгү демилгелер» деп аталган тегерек столдо билдирди.

«Массалык маалымат каражаттарынан канчалык көп таяк жесек дагы аларсыз жашай албайбыз. Бул жактагы азаматтар оң маанайдагы маалыматтарды көп жазсаңар деген пикирин айтып өттү. Айлык көбөйдү, жакшы жаңылыкпы? Атаңдын көрү, айлык карыз алып көбөйүптүр, жаман жаңылыкпы? Бул факт. Маселе журналистте эмес, маселе маалыматты кабыл алган инсанда. Кеп окуп жаткан кишиде. ЖМКлардын аткара турган вазыйпасы элге маалыматтарды жеткирүү. Ар бир пикир айткан кыргызды камай берсек эртең ким сүйлөйт? Жарандардын эркиндиги үчүн күрөшүү керек. Өз пикирин айткан жаран калабы? Мына кармалып жаткан 20 дан ашуун инсан… Биз кайда баратабыз? Тилекке каршы сөз эркиндигине келгенде бириге калып калган маселелерде унчукпай жатабыз. Кыргызстанда кыбыр эткен нерсенин баары бизге тиешеси бар. Мыйзамдын тегерегинде сөз болуп жаткандан кийин жалган маалыматтан этият болуу дегенди урматтуу Мурат мырза, мына Дайыр Орунбеков иним жакшы билет. Биздин кесиптештер айткан ботторду токтоткула, акча берип аларды кармап турган фабрикаңарды жапкыла. Андан көрө көйнөк тиккен фабрика ачкыла. Сөз эркиндигине келгенде биздин элди коркутуу мүмкүн эмес»,-деди ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттар тобу «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Долбоор парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлуп, азыркы мыйзам “демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизип, жалпы коомубуздун башын бириктирүүгө зыян келтириши мүмкүн” экени белгиленген.

Ошону менен катар, демилгечи депутаттардын пикиринде, мыйзамдын азыркы редакциясында карама-каршылыктар жана коррупциялык коркунучтар бар, себеби бардык укуктар арызданган тарапка гана берилип калган жана мамлекеттик органдар анын арызынын негизинде эле сайтты бөгөттөп кое алышат.

Мыйзам долбоорунун авторлору экинчи тарапка да укук берүүнү, алардан арыз түшө турган болсо сайтты бөгөттөөнү токтото туруу керектигин сунуш кылып жатышат.

Мындай демилге менен чыгып жаткан депутаттар –Адахан Мадумаров, Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Сейит Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылдын август айында кабыл алынган, ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршы болушкан. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Ага ылайык, эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлүп коюлат.

Количество просмотров: 1390