Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча Референдумда добуш берди. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жазылды.
Талант Мамытов Бишкектеги «Белек» маданий-оюн-зоок борборунун имаратындагы № 1053 шайлоо участогунда добуш берди.