Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Орусиянын Новосибирск облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Делегациянын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Бейшеналы Нурдинов жана Искендер Матраимовдор бар.
Сапардын алкагында төрага Талант Мамытов Новосибирск облусунун губернатору жана аталган аймактагы кыргызстандык мекендештер менен жолугушту.