• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Талантбек Иманов: «Иштегиңер келбесе, уят кылбай иштен кеткиле»

16 Аяк оона 202414:26 Бишкек Govori.TV

Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов өзү жетектеген мекемедеги эмгек тартибин сактоо маселесин көтөрүп, мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке чакырды. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

«Биз суткасына 24 саат иштешибиз керек, бул жердеги кээ бириңиздер ар бир инвесторду угуп, форумдарга, иш-чараларга жакшылап даярданыңыздар. Иштегиңер келбесе, өзүңөрдү уят кылбай, иштен кеткиле», — деди Иманов.

Инвестициялык агенттик октябрь айында Баткенде жана Италияда өтө турган ири бизнес-форумдарга, ошондой эле Кыргызстандын экономика күнүн Германияда майрамдоого даярданып жатканын эске салды.

Ошондой эле «Каркыра» тоо-кен комплексинин, «Джунда» мунай заводунун долбоорлорун ишке ашыруу, Бишкек шаарындагы таштандыларды чыгаруу аркылуу электр энергиясын өндүрүү долбоору жана башка бир катар долбоорлор талкууланды.

Количество просмотров: 217