• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Талапкерлер ат минди. Кимисиники баалуу?

21 Бештин айы 2020 10:41 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 10-январында өтүүчү мөөнөтүнөн мурда дайындалган президенттик шайлоонун үгүт иштери 15-декабрда старт алган. Учурда талапкерлер өлкөнү түрө кыдырып, элге убадаларды берип, программалары менен тааныштырууда.

Эл менен жолугушууга барган талапкерлерди жергиликтүүлөр шатыра-шатман тосуп алып, чепкен жаап, калпак кийгизүү Кыргызстанда салтка айланып калган десе болот. Ал эми акыркы учурларда талапкерлерге жарышта жеңишке жетүүсүң тилек кылышып аргымак мингизген учурларды көрүп жүрөбүз.

Бул жолку үгүт шарапаты да жогорудагыдай жөрөлгөлөрдүн коштоосунда өтүүдө.

Алгач аргымакты талапкер Садыр Жапаров Жалал-Абадга барганда минди.

Андан соң талапкер Адахан Мадумаровго тарапташтары жөрөлгөнү улай ат мингизип, ийгилик каалашты.

Ал эми дагы бир талапкер Аймен Касанов туулуп-өскөн кичи мекенинен аргымакка олтурду.

Азырынча аргымак минген талапкерлердин арасынан Курсан Асанов өзгөчөлөндү. Анын тарапкерлери генерелга өзгөчө, тагыраагы «кийимчен» жорго мингизишкен.

Президенттик такка жарышка чыккандардын аргымак минүү жөрөлгөсү коомчулукта ар кандай кептерди жаратты. Кээбири муну ийгиликке жооруп жатса, айрымдары сын пикирлерин айтууда. Деген менен учурда коомчулукта актуалдуу темалардын бири аргымак болууда.

Кошумчалай кетсек, ачык булактардагы маалыматтарга таяна турган болсок мындай аргымактардын баасы 100 миң сомдун тегерегинде бааланат.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларынан белек алуу мыйзам бузуу болуп саналаарын эскерткен болчу.

Количество просмотров: 1306