• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаровго ак боз ат белек кылышты. БШК бул мыйзам бузуу экенин эскертти

18 Бештин айы 2020 17:38 Бишкек Govori.TV

Президенттикке талапкерлердин бирине ат түрүндө белек берилишине байланыштуу Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Джурабаева шайлоого байланыштуу бардык нерселер шайлоо фондунан гана өтүшү керектигин айтып, соцтармактагы баракчасына кайрылуу жазды.

«Эгерде кайсы бир жаран өз талапкерин колдогусу келсе, анда ал аны шайлоо фондуна накталай түрдө гана которуп, өзүнүн аты-жөнүн айтуусу керек. Бул шайлоо фондуларын түзүүдө жана сарптоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылууга жана мыйзам бузууларды четтетүүгө мүмкүндүк берет. Мен талапкерлерди мыйзамдын талаптарын так сактоого чакырам», — деп жазган Джурабаева.

Эске салсак, буга чейин коомчулукта Садыр Жапаров менен жолугууга келген Жалал-Абаддын эли Садыр Жапаровго батасын берип, ак калпак менен чепкен кийгизишип, ак боз ат мингизишкени тууралуу маалымат тараган.

2021-жылдын 10-январында боло турчу президенттик шайлоонун үгүт иштери 15-декабрда башталган.

Количество просмотров: 1923