• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Талас облусуна 137 дарыгер жетишпейт

12 Бугу 2018 8:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.05.2018.Govori.TV

Бүгүнкү күндө Талас облусуна онколог, маммолог дарыгерлери жетишпейт. Бул туурасында Govori.TV сайтына Талас облусунун ыйгарым укутуу өкүлүнүн орун басары Азият Жаркыналиева билдирди.

«Азыркы учурда 324 дарыгер иштеп жатат. Ал эми биздин облуска 137 дарыгер жетишпейт. Бул жетишпеген дарыгерлердин ордун толуктоого мүмкүнчүлүгүбүз жетпей жатат. Азыркы учурда 36 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу болсо, мага 37 врач керек. Алардын баарында жетекчилери бар бирок, толук санда эмес. Облуста медициналык кызмат көрсөтө турган мекемеси жок айыл жок. Ар бир фапта бирден медсестра иштейт. Мисалы бирөөсүндө гинеколог, экинчисинде терапевт жетпейт. Мындан сырткары азыркы учурда ооруулар көбөйүп жаткандыктан бизге онколог, маммолог врачтары жок, бул врачтар борбордо гана бар» -дейт Жаркыналиева.

Белгилей кетсек, Талас облусунда 98 айыл болсо 36 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана 50 фап бар. Мындан сырткары 4 стационардык бейтапкана бар.

Количество просмотров: 23