• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Талас районунда суу каптоо коркунучуна байланыштуу өзгөчө абал киргизилди

27 Үчтүн айы 2023 11:20 Бишкек Govori.TV

Талас районунун Айдаралиев айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында Кара-Кол дарыясы тоңуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү жана короо-сарайларды ээригенде суу каптоо коркунучу жаралып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Райондун акими Нургазы Кармырзаев райондун деңгээлинде абал турукташканга чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизип турган.

Учурда өзгөчө кырдаалдын алдын алуу үчүн ӨКМдин облустук башкармалыгынын жумушчулары жана техникалары тартылды.

Ошондой эле, Кызыл Жарым Айдын Талас облусундагы өкүлчүлүгү жардам көрсөтүүгө жана өзгөчө кырдаалдар кызматкерлерине үч күндүк ысык тамак уюштурууга даяр экендигин билдирди.

Количество просмотров: 57