• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Талас шаардык кеңешинин жаңы төрагасы шайланды

31 Жалган куран 2023 10:36 Бишкек Govori.TV

Калыс Жаныбеков Талас шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-мартта Талас шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы болуп, анда депутаттар шаардык кеңештин төрагасын шайлоону караган. Добуш берүүгө 26 депутат катышып, жыйынтыгында 26 добуш менен Жаныбеков Талас шаардык кеңешинин төрагасы болду.

Ошондой эле кезексиз сессияда Талас шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп “Асыл-Мурас Жаштар” фракциясынан депутат Кубан Жыргалбаев, Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Урмат Атагелдиев шайланды.

Белгилей кетсек, буга чейин төрагалык кызматты Адыл Жусупбеков жана төраганын орун басары кызматын Роза Исаева аркалап келген.

Количество просмотров: 104