• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Талас ШИИБдин тергөөчүсү кармалды

19 Аяк оона 202417:02 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан Талас облусунун укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө 2024-жылдын 17-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында, ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Ч.Р.Ж.га карата кылмыш ишин козгоону токтоткондугу үчүн 40 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган деген шек менен Талас шаарынын ИИБнын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Б.Б.Т. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Кошумчалангандай, азыркы учурда жогоруда аталган укукка каршы жосунга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 127