• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Талашка түшкөн мэрлик кызматка ким татыктуу?

27 Тогуздун айы 2020 9:28 Бишкек Govori.TV

5-октябрда өткөн башаламандыктан кийин борбор калааны башкаргысы келгендер дагы көп экени билинди. Буга чейин мэр катары көрсөтүлгөн Жоошбек Коеналиев четтеп, ордуна Координациялык кеңеш убактылуу мэр катары Мирлан Бакетаевди бекиткен. Мындан көп узабай, «Башкалаанын макамы жөнүндө» мыйзамына таянуу менен отставкага кеткен мурдагы мэр Азиз Суракматов 21-октябрда кызматка вице-мэр Нариман Түлеевди дайындаган.

Бирок ошол эле күнү Бишкек шаардык мэриясынын алдына чогулган адамдар күтүүсүздөн биринчи вице-мэр болуп дайындалган жана мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Бир нече адам мэр болуу ниетин дагы билдиришти. Алардын арасында «Мекенчил» партиясынын теңтөрагасы Төрахан Жунусбеков, “Чоң Казат” партиясынын мүчөсү Асхат Осмоновдор бар.

Бул арада мэрликти талашкан талапкерлердин биринин аудиосу социалдык тармактарда тарады. Колдонуучулардын айтымында, белгисиз адамдарды мыйзамды бузбоого чакырган премьер-министр Садыр Жапаровдун иниси Дөөлөт Жапаров экени айтылууда. Ал, өзүн борбор калаанын башчысы кылып дайындоону чечкен Төрөхан Жунусбеков менен сүйлөшүп жатканы болжолдонууда.

Бишкек шаардык кеңешинин КСДП, «Өнүгүү-Прогресс» жана «Республика-Ата Журт» фракциялары мэрдин милдетин аткаруучуга талапкер Төрөхан Жунусбеков колдогон жок жана колдобой турганын айтышканын БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Нариман Түлеев 22-октябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарбай калганын, мындай чечимди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен бирге кабыл алганын жарыялаган. Ошол эле учурда айрым шаар тургундары жакшы иштеген мэрлердин катарына Нариман Түлеевди кошуп, кайрадан мэр болуусуна каршылыктары жок экенин билдиришти.

Ал эми саясат таануучулар, эксперттер жаңы бийликтин колдоочуларынын кызматка умтулуусун сындап жатышат.

«Мэрликти талашуу башаламандыктын натыйжасында келип чыккан көрүнүш десек болот. Жөнөкөй тил менен айтканда бийлик бөлүшүү. Бул жерде төңкөрүшкө салымым бар деп эсептегендер сыйлык талап кылып жатышат. Бийлик мындай учурда эмне кылышты билбей турган чагы. Себеби каалоочулар көп, кызматтар аз. Бул туура эмес. Эгер ошончолук эле кызмат кылам деген ниеттери болсо, шаардыктар талапкерлерди конкурстун натыйжасында тандап алышы керек же мэриядагы эрежелер менен гана шайланышы керек. Анан Жапаровго кылган жакшылыктарын эскертип, кызматка келишим керек дегендери түркөйлүк», — деди серепчи Руслан Акматбек.

Мындан улам мэрликке ким татыктуу? деген суроо жаралат.

Мэр болууга ким татыктуу?

Жыйынтыгын көрүү

Деген менен Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болду. Бул тууралуу Нариман Түлеев өзү билдирди.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын мэрин шаардык кеңеш шайлайт. Ал эми Талапкерлерди фракция жана көпчүлүк коалиция, ошондой эле премьер-министр көрсөтө алат.

Количество просмотров: 89