• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Талаштуу ЖМК мыйзамы. Президенттик администрация долбоордун үчүнчү вариантын сунуштаганы жатат

10 Бирдин айы 2023 19:03 Бишкек Govori.TV

Президенттик администрация “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топко долбоордун үчүнчү вариантын сунуштай турганы бүгүн, 10-февралда белгилүү болду.

Жумушчу топ 30-январда кезектеги жыйынга чогулган. Медиа коомчулук менен жумушчу топтун мүчөлөрү долбоордун экинчи варианты менен таанышып чыгып, 10-февралга чейин сунуштарды бермек.

Деген менен медиа сектордун өкүлдөрүнө сунушталган долбоордун аныктамасы берилген эмес.

Ал эми жумушчу топтун өкүлдөрүнө жолдонгон катта төмөндөгүлөр жазылган.

«Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топ долбоордун экинчи варианты боюнча конкреттүү сунуштарды киргизбей койгондугун өкүнүч менен айтабыз».

Президенттик администрация былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган. Документ коомдук талкууга чыгарылгандан кийин өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер каршылыгын билдирип чыккан.

Былтыр 15-ноябрда сын-пикир коштолгон коомдук жыйындан кийин президенттик администрация мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүүгө, андан кийин документти экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүгө макул болгон.

Жумушчу топ 5-декабрда түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Количество просмотров: 123