• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Талаштуу ЖМК мыйзамы. Жумушчу топтун жыйыны 10-февралга белгиленди

30 Үчтүн айы 2023 17:11 Бишкек Govori.TV

«Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топ бүгүн, 30-январда жыйынга чогулду.

Анда медиа сектордун өкүлдөрү тарабынан мыйзам долбоорунун иштелип чыккан жана азыркы тапта сунушталып жаткан версиясындагы ар бир беренеге түшүндүрмө берүү сунушу айтылып, колдоо тапты. Документте камтылган беренелердин аныктамасы ушул аптанын соңуна чейин бериле турганы белгилүү болду. Жумушчу топтун кийинки жыйыны 10-февралга белгиленди.

Медиаэксперт, юрист Ахмат Алагушев «блогерлерди ЖМКга теңөө сунушун ким киргизди?» деген суроо салды. Ал эми жумушчу топтун мүчөлөрү алардын иши ачык жана элге жеткиликтүү болушун талап кылышты.

Эске салсак, Президенттик администрация “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган. Документ коомдук талкууга чыгарылгандан кийин өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер нааразы пикирлерин айтып чыгышкан. “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ 5-декабрда түзүлгөн. Ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген. 7-декабрда анын курамын бекиткен тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кийин Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун кайрадан иштелип чыккан, бирок толук жана акыркы эмес версиясын сунуштады. Мыйзам долбоорунун жаңы версиясында массалык коммуникациялар, маалыматтык технологиялар жана байланыш тармагын көзөмөлдөгөн мамлекеттик орган интернет басылмалардын, блогерлердин реестрин түзөт. Ага социалдык түйүндөрдө 5 миңден ашык киши жазылган баракчалар да катталат жана алар тараткан кабарлар да аталган мыйзам менен көзөмөлгө алынары көрсөтүлгөн.

Мыйзам долбоору медиа өкүлдөрү жана эксперттердин бир топ нааразычылыгын жаратып, мындай нерсе эл аралык нормаларга каршы келе турганын айтышууда.

Количество просмотров: 112