• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Талаштуу ЖМК мыйзамы: Жумушчу топтун мөөнөтү узартылган жок

16 Бугу 2023 16:28 Бишкек Govori.TV

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн Президенттик администрация менен чогу түзүлгөн жумушчу топтун иштөө мөөнөтү узартылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Айылчиев билдирди.

Маалыматка ылайык, топтун иши 15-майда аяктаган. Медиа өкүлдөрүнүн «бүгүнкү жыйындын легитимдүүлүгү кандай болуп калат?» деген суроосуна Айылчиев төмөндөгүдөй жооп берди.

«Жумушчу топтун мөөнөтү буга чейин бир нече жолу узартылган. Белгилүү болгондой, топтун иш мөөнөтү 15-майда бүткөн, узартылган жок. Менимче, бир нече ай аралыгында жемиштүү иштедик десек болот. Биз бүгүн жаран катары мыйзам долбоорун талкууласак болот»,-деди ал.

Ал эми жумушчу топтун мүчөлөрү мыйзам долбоорун беренелер боюнча талкуулоодон баш тартышты.

Президенттик администрация 2022-жылы «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга чыгарган. Бул коомчулукта талкуу жараткан.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров жумушту топ түзүп, мыйзамды толуктап иштеп чыгууну тапшырган. Мыйзам долбоорунун толукталган вариантында популярдуу блогерлер да каттоодон өтүүгө милдеттүү экени, ошондой эле аларга ЖМКнын милдеттери жүктөлөрү айтылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып нааразы болушкан. Кийинчерээк бул норма алынган.

Количество просмотров: 69