Бүгүн, 28-июнда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун акыркы жыйыны өттү.
Маалыматка ылайык, атайы түзүлгөн топ жалпы 13 жыйын өткөрдү.
Юрист Таттыбүбү Эргешбаева алтынчы редакциядагы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбооруна киргизилген негизги өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди.
«Биринчиден, интернет-басылмаларга, аудио, видео жана кинохроника программаларына ыктыярдуу каттоо киргизилүүдө. Бул өзгөртүү медиа форматтарынын көп түрдүүлүгүн тааныйт жана керексиз жөнгө салуудан качат. Мыйзам долбоору “ЖМК” түшүнүгүн кеңейтип, эмгек келишими боюнча иштеген журналисттердин командаларын гана эмес, жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде контент даярдоо менен алектенген жеке жана юридикалык жактарды да камтыйт. Бул медиа индустриянын заманбап реалдуулуктарын эске алат. Мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын негиздөөчүсү менен редакторунун милдеттери такталат, ошондой эле, эгер макулдашылган болсо, маалымат булагын жашыруун сактоо милдети киргизилет. Биринчи жолу сөз эркиндигин чектөөнүн зарылдыгын аныктоонун критерийи катары кызмат кыла турган “коомдук кызыкчылык” түшүнүгү киргизилүүдө. Мында ЖМКны жалган маалымат тараткандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуунун шарттары такталат, мисалы, эгерде ал расмий булактардан алынган болсо же эл алдында сүйлөгөн сөздөрдү сөзмө-сөз көчүрүү болсо. Мыйзам долбоорунун тексти өзгөрүүсүз калат жана алтынчы редакцияда белгиленген негизги принциптер сакталат деп ишенебиз. Ал президент же министрлер кабинети тарабынан коомдук талкууга коюлуп, акырында Жогорку Кеңеште андан ары кабыл алуу үчүн каттоодон өтөөрү күтүлүүдө»,-деди ал.
Үстүбүздөгү жылдын 29-мартында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов менен эксперттер, журналисттер жолугушкан. Жыйында министр эки айдын ичинде мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгып, президенттик администрацияга жиберүү керектиги айтылган.
13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган.
7-мартта Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.
Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса, ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, аны Юстиция министрлиги жүргүзмөк. Каттоо үчүн үч документ — арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим талап кылына баштамак. Ошондой эле ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керектиги жазылган.
Жогорку Кеңешке киргизилип, айрым комитеттерден биринчи окууда колдоо тапкан бул документти эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сынга алган.
Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда да жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзам долбоорун мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.