Буга чейин тараган Таластагы 16 жашаар кызды мажбурлап 35 жаштагы кишиге ала качып келишти деген видео туурасында бүгүн, 9-октябрда Алтынай Капалова аттуу интернет колдонуучу «видео тамаша иретинде тартылган, туура кабыл алыңыздар» деген роликти жеке баракчасына жайгаштырды.
«Социалдык тармактарда тарап, хит болгон видео тамаша иретинде тартылган. Окуя Таласта болгон дешиптир, бирок андай эмес. Бул ала качуу эмес, жөн эле тамаша. Урматтуу кыргыз элим, туура түшүнүңүздөр. Биз бир ай мурда… «, — ушул жерден видео үзгүлтүккө учураган.
Ал эми интернет колдонуучулар «видео тамаша иретинде тартылса, кыз өзү айтпайт беле, кыз кайда?» деген пикирлерин калтырышкан.