9-июлда Талас облустук акимчилигинин алдына Нылды жана Сары-Булак айылынын тургундары жол маселесин чечип берүүнү талап кылып акция өткөрүштү.
Акцияга чыккандар Талас — Нылды — Арал — Покровка автожолун оңдоо улантылбай жатканын жана буга чейин басылган асфальттын сапаты начар экенин айтышты.
Чогулгандар менен облус башчынын биринчи орун басары Талантбек Эдилов жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Кубандык Керимбаев жолугуп, сөз болуп жаткан жолго бөлүнгөн акча казынада турганын жана реформа иштеринин айынан каражат бөлүү кечигип жатканын билдирди. Ошондой эле жол салуу иштери улантыла турганы айтылды.
Талас – Нылды жолун оңдоо маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.
Булак: Азаттык.