УКМК кызматкерлери Чек ара кызматы менен биргеликте 2006-жылы 8-түзөтүү мекемесинен качып, эл аралык издөөдө жүргөн К.М.Д. аттуу чет өлкөлүк жаранды кармады.
УКМКнын маалыматына ылайык, кармоо Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн учурда жүргүзүлүп, шектүү адам жашынууга аракет кылган.
Азыркы учурда К.М.Д. Талас шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кыргыз Республикасынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун ишине анын мүмкүн болгон катыштыгын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.