• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Талас дарыясына 40 жаштагы аял түшүп кетип каза болду

23 Баш оона 201810:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.08.2018. Govori.TV

21-август күнү саат 16:00 чамасында Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы Талас дарыясына 1978-жылы туулган Ж. Н. аттуу аял түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя тууралуу Ички иштер министрлиги  22-август күнү КР ӨКМ не билдирген. Издөө иштерине  ӨКМ ден  №93 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, 22-август күнү саат 13:10до маркумдун жансыз денесин суудан табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 66