• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Таласта 39 жаштагы келин жаңы төрөлгөн баласын талаага көмүп салган

20 Бугу 2022 12:57 Бишкек Govori.TV

Талас облусунда келин жаңы төрөлгөн баласын тирүүлөй талаага көмүп салган. Маалыматты Талас ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 13-май күнү Талас шаардык ички иштер башкармалыгына облустук биргелешкен оорукананын төрөт бөлүмүнөн кайрылуу түшкөн. Анда дарыгер телефон аркылуу Талас шаарынын 1983-жылы туулган К. Е. аттуу тургуну төрөттөн кийинки абалда наристеси жок кайрылганын айткан.

«Окуяны териштирүү максатында ыкчам тергөө тобу чыккан. Текшерүү учурунда келин Талас шаарында 4 баласы менен жашай турганы белгилүү болгон. Ал эми 2021-жылдын октябрь айында никеси жок кош бойлуу болуп калган. Токой жээкте сейилдеп жүргөн учурда толгосу башталып көз жарган. Кийин эмне кылаарын билбей жаңы төрөлгөн ымыркайды тирүүлөй көмүп, кетип калгандыгы аныкталган. Учурда Е.К. оорукананын гинекология бөлүмүндө дарыланууда. Тергөө амалдары жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Кылмыш иши боюнча тиешелүү эскпертизалар дайындалган.

Количество просмотров: 589