• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Таласта баласы сабалып жаткан мушташта арачага түшкөн 58 жаштагы жаран көз жумду

21 Кулжа 2021 11:10 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 19-июнь күнү саат 05:25 чамасында Кара-Буура РИИБнүн 102 кызматтык телефон номерине аймактык ооруканасынан билдирүү жасаган, ал билдирүүдө, Чымгент айылынын 1963-жылы туулган М.А. аттуу жарандын жансыз денеси ооруканага түшкөнүн билдирген. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма-сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, аталган билдирүүнүн негизинде РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, окуя болгон жерди кароо жүргүзгөн.

Андан соң Кара-Буура РИИБнүн КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Мындан тышкары маркум М.Анын баласы 1997-жылы туулган Мны айылдаштары 1999-жылы туулган Ж. И. 1996-жылы туулган Т. уулу А. жана 2001-жылы туулган М.уулу З. эч себепсиз уруп ден-соолугуна зыян келтиришкен, М.Анын бети башы кан жалап, денесине жаракат келтирилгендиги, аталган мушташты териштирип аларды арачалап, жүрүп натыйжада атасы М.А. белгисиз себептерден улам каза болуп калгандыгы аныкталган. 2021-жылдын 19-июнь күнү Кара-Буура райондор аралык соттук-медициналык экспертизасынын эксперти тарабынан 1963-жылы туулган М.А.нын жансыз денесине атайын изилдөө жүргүзүлүп, анын жансыз денесинде күч колдонулган зомбулуктун белгилери байкалган эмес жана Кара-Буура райондор аралык соттук-медициналык экспертизасынын эксперти тарабынан М. Анын жансыз денесине изилдөө жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалган.

Маркумдун баласы М.га жана аны эч себепсиз уруп ден-соолугуна зыян келтиришкен айылдаштарына карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ал эми эч себепсиз уруп ден-соолугуна зыян келтиришкен факты КРнын Жазык кодексинин 266-беренесинин көргөзүлгөн кылмыштын курамынын белгилери менен Кара-Буура РИИБнүн КЖБРне катталып, алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүп, аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Ж.И., Т.уулу А.жана М. уулу З. Кара-Буура РИИБнүн УКЖна камакка алынган.

Маркум М. А.нын жакындары 2021-жылдын 19-июнь күнү Кара-Буура райондор аралык соттук-медициналык экспертизасы тарабынан жансыз денесине изилдөө жүргүзүлгөндө кемчиликтер кетип калышы мүмкүн экендигин билдиришип, экспертке ишенбөөчүлүктөрүн көргөзүшкөндүктөн Талас облустук СМЭ бюросунун эксперттерине жансыз денесин кайрадан изилдөө жүргүзүү үчүн соттук-медициналык экспертиза даярдалып, анын жыйынтыгында маркум денесинде күч колдонулган зомбулуктун белгилери байкалган эместиги тастыкталган. Учурда аталган фактылар боюнча тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1178