• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Таласта дарыгер кыздарга үйлөнгөн жигиттерге 50 миң сом берилип жатат

13 Теке 2022 15:38 Бишкек Govori.TV

Таласта дарыгер кыздарга үйлөнгөн жигиттерге 50 миң сомдон бериле баштады. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Бакай Абдымалик Фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, облус башчысы Бакытбек Нарбеков 37 айыл өкмөттүн ар бирине барып, элге отчёт берген.

“Элдик жыйындарда Нарбеков дарыгерлердин жетишсиздигин чечүүнүн жолдорун айтып, дарыгер кыздарга үйлөнгөн жигиттерге 50 миң сомдон сүйүнчү берерин убадалаган. Бүгүн айткан сөзүнө туруп, Манас районунун Чоң-Капка айылынын тургундары, жаш жубайлар Чыңгыз Айдаралиев менен невролог Назгүл Жолдубай кызынын баш кошкондугуна байланыштуу 50 миң сомдук сүйүнчү сертификатын тапшырды”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 633