• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Таласта дезинфекциялоочу туннелдер орнотулду

9 Чын куран 2020 10:54 Бишкек Govori.TV

Талас районунун Талды-Булак айылындагы жана Талас шаарынын кире беришиндеги карантиндик постторго дезинфекциялоочу жасалма «туннелдер» орнотулду. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, алар Талас шаардык кеңешинин төрагасы Адылбек Жусупбековдун демилгеси менен коюлду. Бул демилгени ишке ашырууда Таластагы ишканалардын бири көмөк көрсөткөн.

Кошумчалай кетсек, дезинфекциялоочу тоннель саатына 1 литр суюктук сарптайт. Суюктуктун курамында этиль спирти, суу жана глицерин бар, ал адамдын ден соолугуна зыян эмес.

Количество просмотров: 157