Талас шаардык прокуратурасы тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо жана сакталышына көзөмөл жүргүзүүдө 2 кызмат адамы мыйзамсыз текшерүү жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылды.
Башкы прокуратурадан билдиришикендей, КР “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамы жана президенттин жарлыгы менен ишкердиктин субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө коюлган чектөөлөргө карабай Талас региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыктын башкы инспектору Т.С.Д. “Б” ЖЧК тарабынан курулуп жаткан медициналык борборду текшерип, анын жетекчисине 200 миң сом айыппул салган.
Ошондой эле Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Ж.К. мыйзам талаптарын бузуп, “Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү каттоо” Автоматташтырылган маалыматтык системасына каттоо жүргүзбөстөн, “С.К.” ЖЧКсы тарабынан Талас шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулуш иштерин мыйзамсыз текшерүүгө алган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында прокуратура тарабынан тергөөчү Ж.К. жана инспектор Т.С.Д. карата укук бузуу жөнүндө өндүрүш иштери козголуп, аларга 10 миң сомдон айып пул салынды.
Башкы прокуратура тарабынан президенттин “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыгын аткаруу боюнча күчөтүлгөн тартипте иштер жүргүзүлөт.
Мыйзамсыз текшерүүлөр орун алган учурда Башкы прокуратура тарабынан бизнес коомчулугу менен биргеликте иштелип чыккан “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси аркылуу фото жана видео материалдарды жибериңиздер же болбосо ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча ишеним телефондоруна: +996 (312) 88-90-33, +996 (500) 19-20-54 билдириңиздер.