• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Таласта изделип жаткан 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды

22 Баш оона 2022 14:49 Бишкек Govori.TV

Таласта изделип жаткан 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин Таласта телефону суунун жээгинен табылган өспүрүм изделип жатканы маалым болгон.

Анда 21-август күнү Манас районунун Бала-Саруу айылында токойго эс алууга чыккан 15 жаштагы М.М. аттуу кыз дайынсыз болуп жаткандыгы жана уюлдук телефону токойдон өткөн Талас суусунун жээгинде табылгандыгы тууралуу маалымат ӨКМдин «112» кызматына түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө саат 07:20да Манас райондук №100 ӨКБдан 19 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 38 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 45 адам тартылып, издөө иштеринин натыйжасында аталган өспүрүмдүн сөөгү табылды.

Теги:
Количество просмотров: 239