Социалдык тармактарда тараган кой жайып жүргөн бала боюнча жеринде Айтматов РИИБдин тергөө-ыкчам тобу иштеп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Милиция кошумча маалымат бериле турганын белгиледи.
Эске салсак, буга чейин Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Шекер айылында 2-класстын окуучусу кийим-кечесиз, тамак-аш жебей, мал багып жүргөнү тууралуу видеотасма тараган. Анда айтылгандай, баланын атасы аны Казакстан менен чек арага жалгыз таштап кеткен.
«Атасы 7 жаштагы баласын Казакстан менен чектеш жерге алып келип, жалгыз таштап, кой кайтартып койгон. Катыган, көгөрүп кеткен нан жейт. Түнкүсүн чөө, карышкыр келип, коркконунан чатырга чыгып кетет экен. Же тамагы жок, же үстүндө кийими жок. Дыйкандар келип, болгон азыгын таштап кетишет. Атасына кайрылышса, «коркпойт» деп коюптур. Атасы ушинтип баласын кордоп жатат» , — дейт видеонун автору.
Видео качан жана ким тарабынан тартылганы азырынча белгисиз.