Талас облусунда коронавирус илдетин жуктуруп алган адам аныкталды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штабдан кабарлашты.
Эске салсак, буга чейин Таласта бир адам коронавируска шектүү жаран карантинге алынганы тууралуу маалымат тараган болчу.
Учурда Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталган соң райондун аймагына өзгөчө кырдаал жарыяланган.