• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Таласта милиция кызматкери кармалды

29 Үчтүн айы 2024 16:07 Бишкек Govori.TV

Таласта милиция кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун аймагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, пара алып жаткан жеринен Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери Б.у.Н. кармалды.

Кармалган кызматкер системалуу түрдө Талас районундагы соода түйүндөрүндө иштеген ыктыярчылардан акча алып тургандыгы кабарланды. Атайын кызмат бул фактыга тиешеси барларды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирди.

УКМК жарандарды укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин фактылары боюнча 0312-66-04-75 телефонуна аркылуу билдирүүгө чакырат.

Количество просмотров: 1382