Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Талас шаарынын базарынын аймагына караган 1,9 гектар жер жеке менчикке берилип кеткени аныкталганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мыйзамсыз берилген жалпы суммасы 402,6 млн. сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.
“Талас айыл көмөк” мамлекеттик акционердик коомунун жетекчилиги мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен жең ичинен макулдашуу менен жер участокторун жеке менчикке берген факт аныкталды. Жалпы баасы 402,6 млн. сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды,” — деп жазылган УКМК маалыматында.