• Шаршемби 21 Чын куран 2021

Таласта ПЦР тестин жасалма кылып сатып жүргөн адамдар кармалды

25 марта 2021 в 9:22 Бишкек Govori.TV

 Манас райондук милициясы ПЦР тестин жасалма кылып сатып жүргөн адамдарды кармашты. Бул тууралуу Талас облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Буура жана Манас райондорунун аймагында белгисиз адамдар автотранспорт айдоочуларына “COVID-19”дун ПЦР анализинин жасалма жыйынтыгын мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн сунуштап, 500дөн (беш жүз) 1500 (бир миң беш жүз) сомго чейин сатып жүрүшкөндүгү жөнүндө Манас райондук ички иштер бөлүмүнө маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын негизинде “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пункутун жанында жайгашкан тез татым бышыруучу имаратында Э.А. аттуу жаран жасалма ПЦР анализдерин 1500 (бир жарым мин) сом акча каражатына сатып жүргөндүгү аныкталган.

18-март күнү Э.А. иштетип жаткан тез татым имаратына тинтүү жүргүзүү учурунда жасалма ПЦР тестер табылган. Андан тышкары бул кылымыш ишине Манас районунун Май айылынын тургуну 2003-жылы туулган М.Д.нын катыштыгы бар экендиги аныкталып, М.Д. турак жайына тинтүү жүргүзүү учурунда “НР” үлгүсүндөгү ноутбук жана принтер табылган.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин ПЦР анализинин жыйынтыгынын үлгүлөрүн өзүнө таандык ноутбугуна интернет тармагынан жүктөп алып, аларды жарандардын атына жасалмалап даярдап, түстүү принтердин жардамы менен басып чыгарып, А.Э. аркылуу жарандарга сатып жүргөн.

Аталган факт Манас РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 359-беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кармалган жарандар тергөөдө сурак беришүүдө. Бүгүнкү күндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 39