• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Таласта секелек кыздарга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран эки айга камалды

7 Аяк оона 2021 17:26 Бишкек Govori.TV

Таласта 6-7 жаштагы эки кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелген жаран эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

5-сентябрда Талас шаарынын 4 тургуну 6-7 жаштагы кыздарына сексуалдык ыдык көрсөткөн деп, кошуна жашаган 24 жаштагы А. Т. аттуу жарандын үстүнөн милицияга кайрылган. Арыздын негизинде Жазык кодексинин 165-беренеси (“Ыплас аракеттер”) менен сотко чейинки териштирүү ишин баштады.

Кыргызстанда укук коргоочулар секелек кыздар зордукталган учурлар көбөйүп жатканын айтып коңгуроо кагып келишет.

Өлкөдө жашы жете электерди зордуктоо боюнча чуулгандуу бир нече окуялар катталган

Количество просмотров: 83