• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Таласта сел жүрдү

17 Бугу 2020 1:48 Бишкек Govori.TV

Талас районунда саат 18:00 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын Таш-Төбө коктусунунан сел суулары каптап, тоолуу аймак болгондугуна байланыштуу калктуу конуштарга зыяны тийген эмес, сел сууларынын кесепетинен болжол менен 5га жакын арпа жана картошка айдалган жерди жууп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

«Жерине КРнын Өкмөтүнүн Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү – Жарандык Коргонуу башчысы, КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана Талас районунун Акими барышып, тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. 17-май күнү Жарандык Коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде кошумча тактоо иш-чараларын жүргүзүшүп, келтирилген чыгым боюнча актысы түзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Гидромет туруксуз аба-ырайы тууралуу шашылыш эскертуу таркаткан.

Количество просмотров: 1256