• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Таласта суу сактагычтан эки баланын сөөгү табылды

25 Кулжа 2022 15:43 Бишкек Govori.TV

Таласта «Киров» суу сактагычынан эки баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-июнда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Үч-Булак айылынын жаш тургундары 2009-жылы туулган Б.А. жана 2011-жылы туулган Б.А. аттуу 2 эркек бала «Киров» суу сактагычына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

«Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Кара-Буура райондук №91 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, бирок натыйжа болгон эмес. 25-июнда таң эрте Кара-Буура райондук суучул-куткаруучулар издөө иштерин улантып, саат 09:27 жана 9:30да эки баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен», — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ жарандарды балдардарды чоңдордун көзөмөлүсүз сууга түшүүгө жибербөөнү, суу коопсуздугун сактоону эскертет.

Количество просмотров: 1606