• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Таласта суу сактагычтын жанынан адамдын  денеси табылды

30 Тогуздун айы 201810:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.10.2018.Govori.TV.
Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда суу сактагычтын жээгинен белгисиз эркек адамдын  жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 29-октябрь күнү саат 18:51де Бакыян айылындагы Киров суу сактагычынын жээгинен табылган. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигин куткаруучулары барып, анын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда көз жумган кишинин аты-жөнү такталып жатканын аймактык басма сөз кызматынын өкүлү Динара Сарногоева билдирди. 

Количество просмотров: 58