• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Таласта сууга чөгүп кеткен эне-баланын сөөгү табылды

14 Бирдин айы 2021 20:20 Бишкек Govori.TV

Таласта сууга чөгүп кеткен эне-баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-февралда Талас облусуна караштуу Арал айылында көлмөгө 2008-жылы туулган бала чөгүп кеткен. Уулун куткарууга аракет кылган 24 жаштагы келин баласы менен кошо сууга чөгүп кеткен.

«Баланын атасы уулунун сөөгүн суудан алып чыккан. Жерине Талас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, келиндин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1768